Кыргызстандын жаңы транзиттик жолу Кытайдан келген жүк ташуудагы кечигүүлөрдү жоюуга багытталган. Учурда өлкө Кытай менен эки автотранспорттук коридор аркылуу байланышат: Ош — Сары-Таш — Иркештам жана Бишкек — Нарын — Торугарт трассалары. Бирок жүк ташуунун көлөмү кескин өскөндүктөн, контролдоо-өткөрүү пункттарында кезектер жана тыгындар пайда болууда.
Акыркы убакта жүк ташуунун көлөмү абдан өстү. Контролдоо-өткөрүү пункттарында кезектер жана тыгындар пайда болууда. Ушуга байланыштуу үчүнчү өткөрүү пунктун ачуу зарыл. Бул коридор ачылганда жүк ташуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Министрдин айтымында, жаңы жол Торугарт аркылуу өткөндөн караганда Кытайдын Аксу шаарынан Бишкекке товарларды 7-8 саатка тез жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул жол менен аралык 500 километрден ашык кыскарат.
161 км жолдун узундугу
Жаңы трассанын жалпы узундугу болжол менен 161 километрди түзөт.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, ал эми башкы подрядчы катары кытайлык компания чыгат. Жолдун негизги бөлүгү бийик тоолуу аймактардан өтүп, деңгээли 3 миң метрден жогору жайгашкан.
- 2025-жыл, 27-август
Курулуш расмий түрдө башталды
- 2030-жыл
Жолду толук бүтүрүп, ишке киргизүү пландалууда









