Чүй облусунун Аламедин районунда жүк ташуучу унаанын катышуусу менен жол кырсыгы болду. Бул окуя Бишкек—Нарын—Торугарт айлана жолунда катталды.

Күтүүсүз болгон окуя 16-ноябрда ГЭС-5 районуна жакын жерде болгон. Turmush агенттигинин маалыматына ылайык, кырсыктан кийин жолдо унаалардын кыймылы кыйындап, чоң тыгын пайда болгон.

Учурда кырсыктын себептерин жана толук маалыматтарды тактоо иштери жүрүп жатат. Чүй облусунун ИИМ Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы окуя боюнча маалыматтарды тактап жатканын билдирди.