Нарын облусунда акыркы беш жыл ичинде турак жай курулушу, транспорт, энергетика жана маданият тармактарында бир катар масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды. Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы өзгөрүүлөр тууралуу видео менен бөлүштү.

Нарын шаарынын борборунда жаңы заманбап маданият борбору ачылды. Бул имарат жергиликтүү тургундар үчүн көптөн күтүлгөн маанилүү мекеме болуп калды.

Турак жай жана транспорт

Аймакта турак жай курулушу активдүү өнүгүүдө. Жаңы курулган үйлөрдүн саны төмөндөгүдөй:

216квартиралык үй (Нарын)
217квартиралык үй (Кочкор)

Транспорт тармагындагы өзгөрүүлөргө да токтолсо болот. Темир жол каттамы Кочкорго чейин жетти, учурда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан стратегиялык темир жолунун курулушу уланууда.

Энергетика жана жолдор

Энергетика тармагында өлкөнүн энергия коопсуздугуна чоң салым кошо турган 100 МВт кубаттуулугу бар Куланак ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 97 километрлик аралыгында күн энергиясы менен иштеген заманбап жарыктандыруу системалары орнотулуп жатат.