Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт автомобиль жолунун 132-чакырымында 2-ноябрдан 6-ноябрга чейин коркунучтуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Иштер 9:00дөн 15:00гө чейин уланат. Бул маалда жол кыймылы жарым-жартылай чектелет, унаалар бир тилке аркылуу өткөрүлөт.

Эгерде 30–40тан ашык унаа чогулуп калса, иштер убактылуу токтотулуп, транспорттун өтүшү камсыздалат.