Чүй районунун Арал айылында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун боюнда кургак чөп жана бадалдар күйгөн. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынан билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт чыккан жерден коюу кара түтүн көтөрүлгөн.

Өрт кантип өчүрүлгөн

Өрттү өчүрүүгө Токмок шаарындагы №21 өрт-куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тартылган. Алар окуя болгон жерге саат 15:27де жетип, өрттү 15:40та чектеп, 16:35те толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн себептери азырынча аныктала элек. Тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кургак чөптү өрттөө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
ӨКМ кызматкерлеринин эскертүүсү