Бардык жаңылыктар: Бакыт Табалдиев
Материалдар: 4

Бишкекте автобус айдоочулары канча табат? Расмий цифралар айтылды
Бишкек шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» берүүсүндө автобус айдоочуларынын айлык маянасы канча экенин айтты. Анын айтымында, айдоочулар айына 165 саат иштеп 70–80 миң сом алышат, ал эми ашыкча иштегенде 100 миң сомдон ашык таба алышат.

Бишкекте автобус айдоочуларын чет өлкөлүктөрдөн алуу пландалууда
Муниципалдык ишкана «Бишкек шаардык транспорт» автобус айдоочулары кызматына чет өлкөлүк жарандарды тартууну карап жатат. Бул тууралуу ишкананын экинчи автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» эфиринде билдирди.

Бишкекте автобус айдоочуларынын иш графиги өзгөртүлдү: кадрлар жетишпейт
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы автобус айдоочуларынын иш графигин өзгөрттү. Алар эми 2/2 графиги боюнча иштешет — эки күн иштеп, эки күн эс алышат. Бирок 8 сааттык сменага өтүүгө айдоочулардын жетишсиздиги тоскоол болууда.

Бишкектеги автобус кырсыктары: айдоочулардын жарымынан көбү күнөөлүү эмес
Жыл башынан бери борбор калаада автобустар катышкан 521 жол-транспорт кырсыгы катталды. Кырсыктардын дээрлик жарымында коомдук транспорттун айдоочусу эмес, экинчи тарап күнөөлүү деп табылды.







