Москва шаарындагы "Россия сегодня" эл аралык мультимедиялык пресс-борборунда Түндүк үчүн БТ аймагындагы өлкөлөрдүн V медиафоруму өтүүдө. Форумдун темасы — "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медианын өнүгүүсү". Симоньян форумдун катышуучуларына видео аркылуу кайрылып, санариптик доордогу жаңылыктардын өзгөрүшүн белгиледи.
Анын айтымында, телевизиялык, агенттик жана басма форматтарындагы журналистика абдан тез өзгөрүүдө. Ошондуктан, адистер жасалма интеллекттин кесипке тийгизген таасирин терең түшүнүшү зарыл.
Журналисттерге жасалма интеллекттин кесипке тийгизген таасирин түшүнүү жана аны өзүнө баш ийдирүү керек.
Башкы редактор бул технологияны жумушту татаалдаштыруу үчүн эмес, тескерисинче, аны тактоо жана жеңилдетүү үчүн колдонуу керектигин айтты. Симоньян жасалма интеллект журналисттердин ишин кызыктуу кылып, тактыкты жогорулатууга жардам беришине ишенет.
Бул форум тармактагы тобокелдиктерди талкуулоо, келечекти болжолдоо жана профессионалдык байланыштарды чыңдоо үчүн аянтча болуп саналат.











