«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жасалма интеллекттин негизинде иштеген жардамчыны ишке киргизүү пландалууда. Ал жарандарга кайсы мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү экенин, аларды кантип алууну жана кандай документтер керек экенин айтып берет. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлү Максат Доолетов пресс-конференциясында билдирди.

Максат Доолетовдун айтымында, учурда тиркемеде көптөгөн мамлекеттик кызматтар бар, бирок жарандардын баары алар жөнүндө жана аларды алуу тартиби тууралуу билбейт. Жасалма интеллект ассистенти колдонуучулардын мамлекеттик сервистер менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүү үчүн түзүлөт.

Ал жарандар менен байланышып, аларга кайсы кызматтар ылайыктуу экенин, ал үчүн эмне керек экенин ж.б. көрсөтүп бере алат.
Максат Доолетов, «Кызмат» ММдин өкүлү

Азыркы учурда мамлекет «Ар бир тармакта жасалма интеллект» аттуу беш жылдык программаны иштеп чыгууда. Бул программанын алкагында алты артыкчылыктуу багыт белгиленген:

  • Билим берүү
  • Саламаттыкты сактоо
  • Айыл чарба
  • Энергетика
  • Транспорт
  • Жарандарга кызмат көрсөтүү

Айыл чарба тармагында фермерлер үчүн «Ай-дыйкан» системасынын негизинде жардамчыларды түзүү жана талаалардын абалын, суунун көлөмүн талдоо жана болжолдоо үчүн спутниктик сүрөттөрдү колдонуу каралууда.

Максат Доолетовдун маалыматы боюнча, жасалма интеллектти колдонуу менен 20ден ашык долбоор иштелип чыгышы керек, алардын айрымдарынын үстүндө иш башталган. Мисалы, жол кыймылынын эрежелерин бузууну таануу технологияларын колдонгон «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз өлкө» долбоорлору белгиленген.

20+долбоорлор
6артыкчылыктуу багыт