Ош эл аралык аэропортунда жаңы аэровокзал куруу, учактардын тизмегин узартуу, рулежка жолдорун жана учактар үчүн токтотуучу орундарды көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик зонасы» медиапроектисинин алкагында аэропорттун директору Тимурлан Маданбеков билдирди.
Жаңы аэровокзалдын жалпы аянты 25 миң чарчы метрден ашат. Учурда имараттын негизги каркасын көтөрүү, чатырын жабуу жана сырткы инженердик тармактарды тартуу иштери аяктаган. Азыркы учурда ички бөлүктөрдү жана витраждык конструкцияларды орнотуу иштери уланууда.
Кошумча мүмкүнчүлүктөр
Аэропорттун тизмегинин узундугу учурдагы 2200 метрден 400 метрге узартып, 2600 метрге жеткирилет. Ошондой эле тизмектин асфальт катмары жаңыланат, натыйжада анын бекемдик көрсөткүчү 44-50дон 72ге чейин өсөт.
Долбоордун алкагында үч кошумча рулежка жолу курулат. Бул учактардын тизмектен түшкөндөн кийин тез арада башка жолго чыгып, негизги тизмекти боштошуна шарт түзөт.





















