Бир эле кыймылсыз мүлккө карата карама-каршы чечимдерди жана каттоо документтерин берүү маселеси жарандардын ортосунда узакка созулган талаш-тартыштарга себеп болууда. Мындай фактыларды териштирүү үчүн жергиликтүү бийлик менен кадастр кызматтарынын ортосундагы мыйзамсыз байланыштарды изилдешет деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.}}{"data":{"text":"Бир эле кыймылсыз мүлккө карата карама-каршы чечимдерди жана каттоо документтерин берүү маселеси жарандардын ортосунда узакка созулган талаш-тартыштарга себеп болууда. Мындай фактыларды териштирүү үчүн жергиликтүү бийлик менен кадастр кызматтарынын ортосундагы мыйзамсыз байланыштарды изилдешет деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев."}},{
Эл менен жолугушуу учурунда жарандар мүлккө жана жер участокторуна болгон укуктар боюнча көп жолу даттанууларын билдиришкен. Бул маселелердин алдын алуу үчүн каттоо маалыматтарын көзөмөлсүз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу зарыл экендигин белгиледи Касымалиев.
Маалыматтарды ишенимдүү сактоо максатында мүлккө тиешелүү бардык аракеттерди бирдиктүү санариптик системага киргизүү пландалууда. Ошондой эле бул багытта жетекчилердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлөт.












