Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жарандарды жеке кабыл алып, алардын көтөргөн маселелери менен таанышты. Жолугушуу учурунда калк тарабынан көтөрүлгөн бир катар коомдук жана жеке маселелер талкууланды.
Арыз ээлери мамлекеттик органдардан көтөрүлгөн суроолорду кароого жана чечүүгө көмөк көрсөтүүсүн суранышты. Тактап айтканда, төмөнкү багыттар боюнча сунуштар жана маселелер айтылды:
- Курулуш жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлорду колдоо
- Медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу
- Жер кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
- Маданият, такси жана жеткирүү кызматтарын жакшыртуу
- Финансылык кыйынчылыктар жана турак-жай маселелери
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин негизги максаты жарандардын жашоо-шарттарын жана бакубаттуулугун жакшыртуу экенин баса белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун иш алып баруусу үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнүн билдирди.
Бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынарын айткан Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жолугушуу учурунда айтылган суроолорду тез арада чечүү боюнча тапшырма берди.












