Мамлекет башчы Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде жарандардын өзү менен жолугушууда көбүрөөк жеке жана үй-бүлөлүк маселелерди көтөрүп жатканына көңүл бурду.
Анын айтымында, мурда туугандардын ортосундагы көптөгөн чыр-чатактарды аксакалдар чечүүгө жардам берсе, азыркы учурда адамдар бул маселелер боюнча сотторго кайрылып жатышат.
Президент туугандардын урушу, келиндердин үйүнөн кетүүсү жана үй-бүлөлүк карама-каршылыктардын соттук талаш-тартыштарга айланып кеткен учурларын белгиледи.
Жапаров үй-бүлөлүк тарбияны бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды жана муундар арасындагы сый-урматты сактоого чакырды. Глобализациянын шамалында салттардын жоголуп кетүүсүнө жол бербөө маанилүү экенин баса белгиледи.











