Президенттин иш башкармалыгы жарандарды жашаган жери жана жүргөн жери боюнча каттоодон өткөрүү жана каттоодон чыгаруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Министрлер Кабинетинин токтом боюнча долбоору коомдук талкуу үчүн жарыяланды.
Демилгечилердин маалыматы боюнча, бул долбоор ченемдик укуктук актыларды мыйзамдарга шайкеш келтирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле калктын каттоо чөйрөсүндө жарандар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Жаңы курулуштарда каттоо
Сунушталган жоболордун бирине ылайык, жаңы курулуштарда (жашоо массивдеринде, жер участокторунда) иш жүзүндө жашаган жарандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн каттоосу турак жайдын техникалык абалына карабастан жүргүзүлөт.
Мындай каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын санариптик технологиялык системаларынан «Түндүк» системасы аркылуу алынган дарек (көчө жана үй номери) көрсөтүлгөн жашоо фактысын тастыктоо менен жана тиешелүү маалыматтарды АИС системасына киргизүү менен ишке ашырылат.
Дареги боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат үй ээсине гана кагаз түрүндө же санариптик форматта берилет.
Ал эми жарандыктын чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, каттоо процедурасынан биринчи жолу өтүп жаткан кенен жашындагы балдарды каттоо боюнча арыз берилген учурда, каттоо Кыргызстандын жарандыгы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт.










