Улуттук статистика комитети тарабынан бөлүнгөн маалыматтарга таянсак, өлкөдөгү балдардын бардык жаш топторунда белоктун жетишсиздиги байкалууда. Бул көрсөткүч эсептелген суткалык муктаждыкка салыштырмалуу төмөн.

СторисКыргызстанда балдардын белок жетишсизчилиги байкалуудаСлайддар: 6
  1. Кыргызстанда балдардын белок жетишсизчилиги байкалууда
  2. Негизги көйгөй. Өлкөдөгү бардык жаш курактагы балдар суткалык нормага салыштырмалуу белоктун жетишсизчилигинен жабыркап жатышат.
  3. 248 ккал — 1-3 жаштагы балдардын калориялык дефицити
  4. 39 грамм — 1-3 жаштагы балдардын алыган белки
  5. Башка жаш топторундагы абал: 4-6 жаштагы балдар: 49 г белок (норма 62 г); 7-13 жаштагы балдар: 59 г белок (норма 73 г); 14-17 жаштагылар: 67 г белок (норма 78 г)
  6. Жалпы көрсөткүч. 1 жаштан 17 жашка чейинки балдардын рациону калориялык муктаждыкты жабууга жетүүдө.

Эң алгачкы коркунуч: 1-3 жаштагы балдар

Эң аялуу топко 1 жаштан 3 жашка чейинки кичинекей балдар кирет. Алардын рационунда калориянын гана эмес, маанилүү азык заттардын да жетишсиздиги катталган.

1-3 жаштагы балдардын калориялык жетишпей чыгышы

1413ккал (орточо алынган)
1661ккал (муктаждык)
248ккал (дефицит)

Ошондой эле, бул жаштагы балдардын азык заттар боюнча көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:

1-3 жаштагы балдардын азык заттар боюнча көрсөткүчтөрү

39белок (грамм)
62белок (норма)
44май (грамм)
59май (норма)

Башка жаш топторундагы абал

Башка жаш курактагы балдарда калориялык муктаждык жакшыраак аткарылса да, белоктун жетишсиздиги сакталып калууда. Мисалы, 4-6 жаштагы балдар калориялык норманы ашып түшүшү мүмкүн, бирок белоктун жетишсиздиги байкалат.

  • 4-6 жаштагы балдар: 49 грамм белок (норма — 62 грамм)
  • 7-13 жаштагы балдар: 59 грамм белок (норма — 73 грамм)
  • 14-17 жаштагы өспүрүмдөр: 67 грамм белок (норма — 78 грамм)

Жалпысынан алганда, 1 жаштан 17 жашка чейинки бардык балдардын рациону калориялык жактан муктаждыкты жабууга жетүүдө. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч орточо эсеп менен 2 019 ккал түзүп, норма болгон 1 920 ккалдан жогору болгон.