Бишкек мэриясы шаардын негизги жолдорунун бири болгон Түштүк магистралиндеги трафик көйгөйүн чечүү үчүн жаңы долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Бул алкакта жолдордогу светофорлорду алып салуу жана кесилиштердин түзүлүшүн өзгөртүү каралган.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун м.а. Абдыжапаркул Жанболотов борбордогу тыгындардын көйгөйүн талкуулаган тегерек столдун алкагында бул пландар тууралуу маалымат берди.

Жөө жүрүүчүлөр биз үчүн ар дайым артыкчылыктуу болуп калат.
Абдыжапаркул Жанболотов

Жаңы долбоордун негизги максаты Барпы Алыкулов көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки аралыкта унаалардын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу болуп саналат.

Муниципалитет магистралдагы бардык кесилиштерди ар түрдүү деңгээлдүү кылып курууну көздөйт. Ал эми жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жер астындагы жана жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу пландалууда.