Ош шаарында эл аралык аэропортко бараткан жолдо транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул чара 1,5 километр аралыктагы аймакты модернизациялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жасалууда.
Кыймылдын токтобошу үчүн жолдун каршы тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Иштердин алкагында совет доорунан калган эски жарыктандыруу мачтары демонтаждалып, алардын ордуна заманбап фонарьлар орнотулат.
Ошондой эле ортодогу жашыл тилкенин топурагы жаңыланат, дарактар башка жерге которулуп, алардын ордуна көп жылдык жасалгалоочу буталар отугузулат. Мындан тышкары, автоматташтырылган сугаруу системасы орнотулат.
Айдоочулардан аэропортко саякаттарын алдын ала пландаштырууну, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону суранышат.










