Бишкек шаарындагы жол кыймылын оптималдаштыруу максатында жасалма интеллект менен жабдылган жаңы светофорлор орнотулду. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Жеңиш проспектиси менен Калинина көчөсүнүн кесилишинде 27 жаңы түзүлүш иштеп жатат.
Бул система унаалардын агымын автоматтык түрдө эсептеп, сигналдардын убактысын өз алдынча өзгөртө алат. Эгерде белгилүү бир багытта унаалар көп топтолуп, тыгын пайда болсо, жасалма интеллект жолдордун багытын өзгөртүү аркылуу көбүрөөк автоунааларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мисалы, эгерде солго бурулуучу тилкеде унаалар өтө көп топтолсо, система кошумча тилкени ошол багытка багыттап, кыймылды жеңилдете алат. Учурда бул технология пилотдук режимде иштеп жатат жана кыймылдын өзгөчөлүктөрүн талдоону үйрөнүүдө.









