Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол — автожол» өткөрмө бекетинде күнүнө орто эсеп менен 20 миң адам өткөрүлүп жатат. Бул сандын туризм сезонунун башталышына чейин болгондон 30%га жакын көбүрөөк экени белгиленди.
Өткөрмө бекеттин жетекчиси Азат Маматаров маалымдагандай, келечекте «Цифровая граница» деген мобилдик тиркеме чек арадан өтүүнү жеңилдетип, айдоочулар жана жүргүнчүлөр кезектерди кыскартууга жардам берет. Бул тиркеме аркылуу адамдар алдын ала өтүү шарттарын жана чек арадагы мүмкүн болгон чектөөлөрдү билип турууга мүмкүнчүлүк алышат.
Маматаров кошумчалагандай, күн сайын 20-30 адам чек арадан өткөрүлбөй калууда. Бул негизинен жасалма документтерди колдонуу, паспортту башка адамдын атына алмаштырып өтмөк болуу же баланын ишеним каттарынын жоктугу менен байланыштуу.











