Кыргызстандын жана Өзбекстандын лидерлери чек арадагы өткөрүү пункттарын көбөйтүүгө макулдашышты. Буга чейин 15 болгон өткөрүү пункттары эми 30го чейин көбөйтүлөт.
Өз ара сүйлөшүүлөр Иссык-Кулдагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өттү. Садыр Жапаров бул чечим эки өлкөнүн жарандарына жеңилдиктерди түзүүгө багытталганын белгиледи.
Бул кадам чек ара кызматтарын натыйжалуу уюштуруу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында кабыл алынып жатат. Ошондой эле бул эки өлкөнүн экономикалык жана соода байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.

