Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жалал-Абад облусундагы эки автоунаа жолунун участокторунда кыймыл убактылуу токтотулганын билдирди.
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолунун 180-километрден 215,7-километрге чейинки аралыгы жабылды. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде бул жерге тоскоолдуктар орнотулган.
Кыймылдын чектөөлөрү күз жана кыш мезгилинде жолдогу коопсуздукту сактоо үчүн киргизилген. Министрлик тарабынан кыймыл качан кайра калыбына келтирилери тууралуу маалымат берилген эмес.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга жолдогу кырдаалды эске алууну жана сапарларын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.









