Түндүк-Түштүк автожолунун толук иштеши келечекке жылдырылды. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, 2028-жылдын аягына чейин бул жолду жаз жана жай мезгилде гана колдонууга болот. Буга жолдун айрым бөлүктөрүндөгү лавина жана таш кулоо коркунучу себеп болуп жатат.

СторисТүндүк-Түштүк автожолу 2029-жылдан баштап жыл бою иштейтСлайддар: 5
  1. Түндүк-Түштүк автожолу 2029-жылдан баштап жыл бою иштейт
  2. 900 млн доллар — долбоорду ишке ашыруу үчүн тартылган каражат
  3. Кооптуу участоктор: Арал менен Казамандын ортосундагы бөлүк; Казан менен Жалал-Абаддын ортосундагы бөлүк
  4. Коопсуздукту камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен лавинадан коргоочу галереяларды жана дубалдарды куруу иштери жүрүп жатат.
  5. 2024-жылдын аягы — Акыркы тоннелдин курулушу аяктады; 2026-жыл — Жолду жай мезгилде колдонууга берүү; 2028-жылдын аягы — Коргоочу курулуштардын бүтүшү; 2029-жыл — Жолдун жыл бою иштеши башталат

Министрдин маалыматы боюнча, Түндүк-Түштүк жолу бир нече этаптан турат: биринчи, экинчи жана үчүнчү фазалар. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан болжол менен 900 миллион доллар каражат тартылган. Акыркы тоннелдин курулушу 2024-жылдын аягында аяктаган.

900 млндоллар
2029жылдан баштап жыл бою иштейт

Кооптуу аймактардын ичине Арал менен Казамандын ортосундагы жана Казан менен Жалал-Абаддын ортосундагы участоктор кирет. Бул жерлерде лавина жана таш кулуу коркунучу жогору.

Азыркы учурда республикалык бюджеттин эсебинен коргоочу дубалдарды, лавинадан коргоочу галереяларды жана кардан коргоочу курулуштарды куруу иштери жүрүп жатат. Президенттин тапшырмасы менен бул коргоочу курулуштарды бүтүрүү максат кылынган.

  1. 2024-жылдын аягы

    Акыркы тоннелдин курулушу аяктады

  2. 2026-жыл

    Жай мезгилде жолду колдонууга берүү

  3. 2028-жылдын аягы

    Коргоочу курулуштардын бүтүшү

  4. 2029-жыл

    Жолдун жыл бою иштеши башталат