Манас шаарында Жалал-Абад облусунун ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору оор абалда болгон кичинекей баланы медициналык жардам алуу үчүн тез арада ооруканага жеткиришти.
Жалал-Абад облусунун ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя 12-ноябрда саат 14:15дө болгон.
Ош—Бишкек багыты боюнча жүрүп бара жаткан жарандар кызмат өтөөчү инспекторлордон жардам суранышкан. Алар өз баласынын абалы кескин начарлап кеткенин билдиришет.
Инспекторлор энесин жана кичинекей баланы кызматтык унаага отургузуп, облустук клиникалык ооруканага тез арада жеткирип беришкен. Учурда дарыгерлер балага зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүп жатышат.











