Фестиваль Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагынын борбордук аянтчасында болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер жана айыл тургундары катышты.

Айылдук аймакта тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, конокторго жаңгактан жасалган тамактар, кол эмгеги менен жасалган буюмдар жана табигый продукциялар сунушталды.

Биз жергиликтүү жаңгак продукциясынын санын көбөйтүү, сапатын жогорулатуу жана сертификаттоо, ошондой эле регионду чет элдик туристтерге жана инвесторлорго таанытуу максатында бул фестивалды жыл сайын өткөрүп турабыз. Мындан тышкары, бул иш-чара менен жоголуп бара жаткан жаңгак токойлорун сактоого көмөктөшүүгө жана адамдарды жаратылыш байлыгын аяр сактоого үйрөтүүгө умтулабыз.
Шахрух Мирзакаримов, уюштуруучу

11 000 гектар жаңгак токойлорунун аянты

Арстанбапта өлкөдөгү эң ири табигый жаңгак токойлору жайгашкан.