Жогорку Кенештин жыйынында ОРТну жеке уюм эмес, мамлекеттик түзүм өткөрүшү зарыл деген маселе талкууланды. Депутат Камила Талиеванын айтымында, акыркы 20 жыл бою тестирлөөнү Кыргызстанда монополистке айланган «Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу ыкмаларын изилдөө борбору» (ЦООМО) аттуу мамлекет эмес уюм жүргүзүп келет.

СторисОРТту мамлекет өзү өткөрүшү керекпи?Слайддар: 6
  1. ОРТту мамлекет өзү өткөрүшү керекпи?
  2. Кыйынчылыктар. Жогорку Кенеште ОРТту мамлекеттик уюм өткөрүшү зарыл деген сунуш көтөрүлдү
  3. Камила Талиева ЦООМОнун монополист экенин жана тесттерде каталар кеткенин белгиледи
  4. «Эмне үчүн мамлекет үчүн мынчалык маанилүү тестти мамлекет эмес уюм өткөрөт?» — Камила Талиева
  5. 25 жыл — коррупциясыз иштөө мөөнөтү
  6. Күтүлүүчү өзгөрүүлөр. Депутат билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат
Эмне үчүн мамлекет үчүн мынчалык маанилүү тестти мамлекет эмес уюм өткөрөт? ЦООМОнун ишмердүүлүгүн ким көзөмөлдөйт, миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн тагдырынан көз каранды болгон уюмдун ишине ким жоопкерчилик алып, кепилдик бере алат?
Камила Талиева

Депутат ушул жылы сертификаттарда жана тесттик тапшырмаларда каталар кеткенин, ошондой эле абитуриенттер менен ата-энелерге маалымат берүү деңгээли жетишсиз болгонун белгилеп, билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анын пикири боюнча, тестирлөөнү мамлекет өзү өткөрүп, процессти көзөмөлдөшү керек.

ЦООМОнун жетекчиси Чынара Батракеева бул доозмуга карата өзүнүн жообун берди. Ал тестирлөөнү мамлекет эмес уюм тарабынан өткөрүүнүн себебин жогорку окуу жайларга кирүүдө коррупцияны болтурбоо жана абитуриенттер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен түшүндүрдү.

25 жыл ичинде коррупция боюнча бир дагы факт катталган эмес. Менимче, бул кепилдик катары кызмат кыла алат.
Чынара Батракеева