Apple корпорациясы Mac компьютерлери үчүн өзүнүн автономдуу ИИ-агентин түзүү үстүндө иштеп жатат. Бул технология колдонуучунун жардамсыз эле веб-баракчаларды карап чыгуудан баштап, программалык код жазууга жана каталарын оңдоого чейинки иштерди өз алдынча аткара алат.

Адистердин пикири боюнча, компания тез өсүп жаткан бул сегментке кириши керек. Бул тармакта учурда OpenAI, Anthanthic, Meta, Google жана Илон Масктын Grok долбоору сыяктуу ири оюнчулар иштеп жатышат.

18-ноябрда Apple компаниясы агенттик ИИ-ассистентти иштеп чыгуу үчүн инженердик команданын улук жетекчисине бош кызмат ордун жарыялаган. Вакансиянын сүрөттөмөсүндө жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү боюнча төмөнкүдөй маалымат берилген:

ИИ-агент компьютерди тажрыйбалуу адам сыяктуу колдоно алат. Ал веб-баракчаларды карап чыгат, ар кандай тиркемелерде иштейт, буйруктарды аткарат, программалык код жазып, аны текшерет жана ар бир кадам үчүн ылайыктуу куралды тандап, сервистерге кайрылат. Мунун баарын ал купуялыкты сактап жана колдонуучулар Apple компаниясынан күткөн сапат деңгээлинде аткарат.
Apple компаниясынын вакансиясынын сүрөттөмөсүнөн

Бул жаңылык менен Apple компаниясы Meta компаниясынын Muse, OpenAI компаниясынын Dots, Anthropic компаниясынын Claude Duet, Google компаниясынын Tasks жана xAI компаниясынын Grok сыяктуу продукциялар менен атаандашууга даярданып жатат. Ошондой эле ChatGPT жана Claude да ИИ тармагындагы эң мыкты беш продукттын катарына кирет.