Жайыл районуна караштуу Сары-Көө айыл өкмөтү атайын техниканы сатып алуу долбоорун ишке ашырды. Бул долбоор Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган жана ийгиликтүү ишке ашырылган.

Сатып алынган 25 тонналык самосвалдын жалпы баасы 4 миллион 687 миң 354 сомду түздү. Техниканы сатып алууда каражаттын эки булагы колдонулган.

Сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттар

3 500 000Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан
1 187 354айыл өкмөтүнүн өз каражаты

Жаңы келген атайын техника муниципалдык муктаждыктарды жабуу үчүн, ошондой эле жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүү максатында колдонулат.