Балыкчы шаарында Молдо Баатырдын эс тутумуна арналган жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча республикалык мелдеш аяктады. Турнирге республиканын бардык аймактарынан келген жаш спортчулар катышты.
Руслан Атакеевдин жетекчилиги астында чыккан Жайыл районунун спортчулары өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, орундорду ээлешти. Алардын ичинен төмөнкү атлеттер мыктылардын катарына кирди:
- 32 кг чейинки салмак категориясында Сары-Булак айылынынт Раатбек Нурубеков үчүнчү орунду алды.
- 57 кг чейинки салмак категориясында Ак-Башат айылынын Алмаз Абдырашитов экинчи орунду ээлеп алды.
Жеңүүчүлөр жана орундорду алган спортчулар Балыкчы шаардык балдар жана жаштар спорт мектеби тарабынан эстелик медальдарга, дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болду.









