Интернетте тараган видеолордон белгилүү болгондой, Ош шаарынын кирүүсүндөгү аркага чыгып кеткен кызды атайын кызматкерлер куткарып калды.

Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 21-ноябрда 2002-жылы туулган кыз шаардагы адистештирилген медициналык мекемелердин биринде дарыланып жаткан учурунда шаарга кирүүчү аркага чыгып кеткен.

Кырсык тууралуу маалымат милицияга түнкү саат 03:21де келип түшкөн. Кыздын аркадан секирип кетиши мүмкүн болгон коркунучтуу абалын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана милициянын кызматкерлери биргелешип токтотуп, аны коопсуз абалга алып келишкен.