Сокулук районунун Сары-Озон айыл окмоту лизинг жолу менен беш бирдик өзгөчө техника сатып алды.

  • Вакуумдук ассенизатор — 1 даана
  • Манипулятор Shacman — 1 даана
  • Контейнерлерди ташуучу таштанды ташуучу машина — 1 даана
  • Грейдер — 1 даана
  • Жүктөгүч — 1 даана

Жаңы техниканы кабыл алуу салтанатына Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Илияз Ташкулов катышып, ачкычтарды ‘‘Таза Айыл’’ муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине тапшырды.

Айыл окмоту бул техниканын ишке киргизилиши Сары-Озон айыл аймагынын материалы-техникалык базасын бекемдеп, кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.