Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында бүгүн шаардын бир катар аймактарына 2150 павловния көчөтү тигилди. Бул иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, анын орун басары Эрнис Толтоев жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.
Көчөт отургузуу иштери И. Раззаков көчөсүндөгү мурдагы көрүштүн ордунда жайгашкан Гүлкайыр тилкесинен башталды. Ал эми Көкүм бий көчөсүндөгү «Жаннат» мейманканасынан Унаа базарына чейинки жолдун жээгине жана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына көчөттөр тигилди.
Көчөттөрдүн бөлүштүрүлүшү
Муниципалитет шаар тургундарын жаңы отургузулган көчөттөргө аяр мамиле жасоого чакырды. Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантыла берет.










