Кыргызстандын аймактарында жаңы бизнеске жардам көрсөтүү багытындагы программа ишке кирди. «Кыргыз Республикасынын региондорунун экономикалык өнүгүүсү» деген долбоорду Мамлекеттик Финансылык Холдинг ишке ашырып, ага Экономика министрлиги катышууда.

Программа жеке ишкерлерге, юридикалык жактарга жана стартап долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Колдоо туристик, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика жана айыл чарбасын кайра иштетүү тармактарында иштөөгө арналган.

Насыялар жылдык 2 пайыздык артыкчылык менен, 20 миллион сомго чейин, 10 жылдык мөөнөткө берилип, негизги карызды төлөөнү 12 айга чейин кечиктирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Уюштуруучулардын айтымында, программа региондордо ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартып, бизнес үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.