Министрлик Ысык-Көлдө балыктын санынын көбөйгөндүгүн белгилеп, муну көлдү эски синтетикалык балык уулоо торлорунан жана башка таштандылардан тазалоо менен байланыштырды.

Көлдөн чыгарылган торлор

50 000+метр (2026-жылдын биринчи жарымында)
47 500метр (2025-жыл бою)

2026-жылдын алгачкы алты айында көлдүн түбүнөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык торлор алынып салынган. Салыштырып көрсөк, 2025-жылы бул көрсөткүч 47,5 миң метрди түзгөн.

Ошондой эле, ушул жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган. Табылгалардын арасында гантелдер, гирялар, автомобилдик дөңгөлөктөр, амортизаторлор жана башка буюмдар болгон.

Бул аракеттер көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга жана жаныбарлар дүйнөсүнүн популяциясын көбөйтүүгө өбөлгө түзүп жатканы айтылды.