Нарын мамлекеттик табигый заповедниги тууралуу

Нарын мамлекеттик табигый заповедниги 1983-жылы Кыргыз ССР министрлер кеңешинин №671 токтому менен түзүлгөн. Анын негизги максаты – Борбордук Тянь-Шандын уникалдуу жаратылыш комплексин жана азайып бара жаткан жаныбарларды коргоо жана сактоо.

Учурда заповедниктин жалпы аянты 112 миң 363,5 гектарды түзөт. Бул аймакта уникалдуу жаныбарлар менен өсүмдүктөр көп жашайт.