Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында күрөң суроктордун ден соолугу жана морфологиясы боюнча илимий талаа изилдөөлөрү башталды. Бул иштер Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Н. Алдаяровдун катышуусу менен жүргүзүлүүдө.
Изилдөөнүн негизги максаты — күрөң суроктордун жалпы абалын, тышкы морфологиялык өзгөчөлүктөрүн жана ден соолук көрсөткүчтөрүн иликтөө, ошондой эле жаныбарлар арасында мүмкүн оорулуктардын белгилерин эрте аныктоо болуп саналат.
Талаа жумуштарынын алкагында адистер суроктордун морфологиясын байкап, алардын ден соолугун практикалык баалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары Нарын облусунун табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери оорулуктардын баштапкы белгилерин аныктоо жана дароо чара көрүү боюнча окутуудан өтүштү.
Окутууда жаныбарларды байкоодо жүрүм-турумындагы өзгөрүүлөргө, сырткы белгилерге жана оорулуктун белгилери болуп саналган симптомдорго өзгөчө басым жасалды. Ошондой эле шектүү учурларды коопсуздук эрежелерин сактоо менен аныктоо жана жооптуу адистерге өз убагында маалымдоо боюнча практикалык кеңештер берилди.
Алгачкы талаа изилдөөлөрү аяктагандан кийин жыйынтыктар сапаттуу илимий анализден өткөрүлүп, изилдөөлөрдү улантуу пландалууда.

















