Сары-Челек коругундагы тоо козулары акыркы учурда көл жээгине коопсуз түшүп жатканы байкалууда.
Видео биосфералык коруктун кызматкери Артур Койчиев тарабынан тартылып, тоо козусунун кайыктын жана адамдардын ызы-чуусуна карабай тынч туруп жатканын көрсөттү.
Бул көрүнүш тоо козуларынын адам менен жакын жашоого көнүп калганынын белгиси катары каралып жатат.

