Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл аймагы муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу айыл өкмөтү билдирди.
Сынак Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Жер кодексине жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 өкмөт токтомуна ылайык өткөрүлөт.
Сынакка Молдо Нияз айыл аймагынын чегинде жайгашкан, аянты 5 гектар жер участогу коюлду. Участок логистикалык борбор курууга арналган.
Сынакка катышуу шарттары
- Катышуу акы төлөнөт.
- Жеке жана юридикалык жактар паспорттун же уставдын көчүрмөсүн тапшырышы керек.
- Логистикалык борбор куруу боюнча бизнес-план тапшыруу зарыл.
Сынак 2026-жылдын 18-ноябрында саат 10:00дө Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн административдик имаратында өтөт.



















