Бүгүн, 22 өлкөнүн жана аймактын 111 портунда иштеген жумушчулар согушка каршы координацияланган иш таштоого чыгышат. Алар аскердик жүктөрдү жана курал-жарактарды кабыл алууну толугу менен токтотушат. Акцияга 25тен ашык профсоюз кошулду, анын ичинде Марсель, Гамбург, Мумбаи жана Окленд портторунун өкүлдөрү бар.

Францияда порттордун иши 95 пайызга токтотулат, ал эми Италия, Индия, Грекия жана Түркияда 24 сааттык иш таштоолор өтөт.

Иш таштоонун катышуучулары Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын курчушуна, АКШ, НАТО жана Евробиримдиктин колдоосу астындагы Израилдин аракеттерине каршы чыгышат. Алар ошондой эле өз коопсуздугун, эмгек акынын жогорулатылышын жана жумуш орундарын автоматташтыруудан коргоону талап кылышат.

Эл аралык кампания Израилге курал-жарак жана аскердик жабдууларды жеткирүүгө каршы багытталган жана 17 өлкөдөгү 100гө жакын деңиз портуна таасир этиши мүмкүн. Акцияны порт профсоюздарынын Ports in Action коалициясы жана No Harbour For Genocide кыймылынын активисттери уюштурууда.

Катышуучулар «Порт жумушчулары согуш үчүн иштебейт» деген ураан менен чыгышат.

Мындан мурунку ушундай акция 2026-жылдын февраль айында өтүп, алты өлкөдөгү 20га жакын портту камтыган.