28-октябрда «Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «Чечме» мобилдик тобу менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында Өзбекстандын жараны башкарган Daewoo Damas үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Ал Өзбекстандан Сох анклавына Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен жаңы жемиштерди ташып бара жаткан. Жүктүн жалпы салмагы 791 килограммды түзгөн.

Аныкталгандай, айдоочу бажы пломбасын бузбай туруп, товарды белгиленген багытка жеткиргенге чейин Кыргызстандын аймагына түшүрүп салган. Бул бажы транзитинин шарттарын бузуу болуп эсептелет.

Түшүрүлгөн жүк кайрадан унаага жүктөлүп, убактылуу сактоо үчүн «Баткен» бажысынын аймагына жеткирилген. Факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, окуянын жагдайлары такталууда.

Кармалган жүк

кг жаңы жемиш
791
унаа үлгүсү
Daewoo Damas
айдоочунун жарандыгы
Өзбекстан