Минстрой Кара-Жыгач конушундагы жаңы мектептин курулушу боюнча акыркы маалыматтарды жарыялады. Мектеп 750 окуучуга ылайыкташып курулуп жатат.
Курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда мектептин үч кабаттуу имаратынын курулушу уланууда жана чатыр жабуу иштерине киришилди.
Мектептин жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт. Ички бөлмөлөрдө заманбап окуу бөлмөлөрү, лабораториялар, китепкана, ашкана жана азык сактоочу жай бар.
Ошондой эле мектепте компьютер класстары, театр залы, эмгек сабактары үчүн бөлмөлөр, спорт залдары заманбап талаптарга жооп берет.
Курулуштун сапаты жана ар бир этап толугу менен Минстройдогу тиешелүү бөлүмдөр тарабынан көзөмөлдөнүүдө.















