2026-жылдын 7-8-ноябр бою Бишкек шаарында өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында 70ден ашык айдоочу алкоголь ичкен абалында аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай укук бузуулар үчүн 240дан ашык жаран райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилген. Жалпысынан кызматкерлер 2300ден ашык административдик протокол түздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренеси боюнча 150ден ашык протокол түзүлгөн. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандык үчүн атайын айып төлөөчү аянтчага 380ден ашык автотранспорт каражаты эвакуацияланды, алардын ичинен 8 мотоцикл бар.
Мындан тышкары, соттун чечимдеринин негизинде Бишкек шаардык ИИББнын СОБ атайын кабыл алуучу жайына 50ден ашык жаран жабылды. Кылмыштарды тез арада ачуу боюнча иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасоого шектелген 15ден ашык адамды кармашты.









