Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Жаңы ченемдерге ылайык, иш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн эске алуу менен эмгек акынын реалдуу деңгээлин жогорулатууну камсыз кылууга милдеттүү болушат.
Индексациялоонун тартиби ар бир уюмдун ички актыларында, коллективдик келишимдерде же макулдашууларда белгиленет. Бул мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күндөн өткөндөн кийин күчүнө кирет.








