Жогорку Кенешатин агрардык саясат, суу ресурстары, жер кендерин пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусундагы картошканын сатып алуу баасынын төмөндүгү маселесин көтөрдү.
Депутаттын айтымында, учурдагы кырдаал жергиликтүү фермерлер үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратууда. Ал өкмөттүн картошка өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн кандай чараларды көрүп жаткандыгы боюнча суроо берди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Асылбек Сатыбалдиев Кыргызстанга картошка импортун чектөө чектөө киргизилгенин билдирди.
Мындан тышкары, ведомство фермерлердин складдарындагы картошканын запасын талдоодо. Ошону менен бирге, кыргызстандык продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүгү боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча, Өзбекстан тарап кошумча нарк салыгын (НДС) төлөө маселесин көтөрүп жатат. Учурда бул маселе чечүү үчүн иштер жүрүп жатат.








