2–3-ноябрда Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар иштери боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында жаштар саясаты жаатындагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлор кеңири талкууланды.
Кыргызстандын атынан жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.
Союзбек Надырбеков 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык жаштар конкурсун уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди. Бул конкурс жаштардын инновациялык идеяларын колдоого жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Ошондой эле жыйында жаштар менен иштөөдөгү актуалдуу маселелер, учурдагы чакырыктар жана келечектеги кызматташтык багыттары каралды.
Белгилей кетсек, жыйын КМШнын Жаштар иштери боюнча кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана шериктештиктин 35 жылдыгына арналды.



















