Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандык Зухра Шидакованы Достук ордени менен сыйлады. Тиешелүү жарлыкка 22-октябрда кол коюлган. Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Кремлде өттү.
Шидакова орус маданиятын чет өлкөдө сактоого жана жайылтууга кошкон зор салымы үчүн сыйланды. Ал 72 жашта, Кыргызстандагы орус мекендештер уюмдарынын Координациялык кеңешин жетектейт. Ошондой эле ал "Ата-Журт" карачайлар эл аралык ассоциациясынын президенти, Кыргызстан эли ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Зухра Шидакова жөнүндө
Бул сыйлык Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын бекемдигин дагы бир жолу тастыктайт.














