Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев 29-июль күнү Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкий менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап 2028-жылы белгиленүүчү маанилүү даталар — Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгы жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын белгилөө үчүн биргелешкен иш-чараларды уюштурууну талкуулашты.
Андан тышкары, маданият тармагындагы кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүү боюнча башка маселелер каралды.
Тараптар көрүнүктүү кыргыз жана орус ойчулдарын урматтоо максатында уюштурулуп жаткан иш-чаралар салттуу баалуулуктарды сактоого жана эки элдин маданий байланышын чыңдоого салым кошорун белгилешти.
Ошондой эле алар маданий күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө жана эки өлкөнүн стратегиялык достук мамилелерин мындан ары бекемдөөгө милдеттеништи.





