Президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин — Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары тарабынан кабыл алынган.

Сыйлыкты Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-саммитинин алкагында Президенттик сарайда өттү.

Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы.
Президент Садыр Жапаров

Мамлекет башчысы бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын баса белгиледи.

Президент сыйлоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, орден түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине болгон жалпы ишенимдин символу экенин белгиледи.