Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук таймаштар гана эмес, көчмөн цивилизациясынын маданий мурастарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуу максатындагы ири эл аралык долбоор болуп саналат.

Оюндун алкагында жергиликтүү жана эл аралык коноктор үчүн кыргыз улуттук тарыхы, салт-санаа, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана көчмөн жашоосу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берген атайын туристтик маршруттар уюштурулат.

Бишкекте «Бишкек Арена» жаңы стадиону ачылат

Оюндун салтанаттуу ачылышы Бишкектеги 51 миң орундуктуу жаңы курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадионунда болот. Стадиондун курулушу акыркы баскычында турат.

Ачылыш аземинен кийин катышуучулар жана расмий делегациялар Ысык-Көл аймагына жөнөшөт. Адатта негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көлдө өтүп, 6-сентябрь Чолпон-Ата шаарында жыйынтыктоочу азем менен жыйынтыкталат.