Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокуратурасы №28 мектеп-комплексинде текшерүү жүргүздү.

Текшерүү учурунда мектептин кадрдык жана каржылык ишинин мыйзам талаптарына шайкеш эместиги аныкталды.

Анын ичинде айрым мугалимдердин билим деңгээли алардын жумуш милдеттерине жана окутуучу предметтерине ылайык келбеген учурлары катталды.

Мындан тышкары, мектеп директорунун орун басары педагогикалык билимсиз экени да белгилүү болду.

Бул көрүнүштөр билим берүү чөйрөсүндөгү талаптардын одоно бузулушуна себеп болду.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.