Кыргызстан CASA-1000 долбоору боюнча курулуш иштерин толугу менен аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин орун басары Курсантбек Өмүрбеков 17-ноябрда «Биринчи радио» эфирүндө маалымдады.
Биз CASA-1000 боюнча өз милдеттенмелерибизди толугу менен аткарып бүттүк. Курулуш иштери аяктады.
Өмүрбековдун айтымында, электр энергиясын экспорттоо өлкөнүн ички муктаждыктары толук жабылгандан кийин калган ашыкча көлөмдөрдүн эсебинен ишке ашырылат. Долбоордун ишке ашуусу Афганистандагы бийлик алмашуудан кийин курулуш иштеринин токтоп калышына байланыштуу кечиктирилген.
CASA-1000 долбоорунун алкагында керектүү электр тармактарын модернизациялоо, жаңы подстанцияларды куруу жана жогорку вольттуу электр берүү линияларын салуу пландаштырылган. Бул Кыргызстан менен Тажикистанга жаз айларында Пакистанга жана Афганистанга электр энергиясын экспорттоого шарт түзөт.
- 2025-жыл, 31-март — Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Хужанд шаарында «Датка–Сугд» 500 кВ линиясын ишке киргизишти












