Камбар-Ата ГЭС-2дөгү экинчи гидроагрегатты орнотуу боюнча физикалык иштерди 2027-жылдын башында баштоо каралууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин биринчи орун басары Курсантбек Омурбеков «Биринчи радио» эфирүндө билдирди.

Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Алар аяктагандан кийин экинчи агрегаттын курулушуна киришилет. Ошондой эле, кошумча электр энергиясын энергия системасына берүү үчүн 500 кВ чыңалуудагы подстанция куруу пландалууда.

Азыркы учурда станциянын биринчи агрегаты 120 МВт кубаттуулук менен иштеп жатат, бирок электр берүүчү линиялардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигинен улам, толук кубаттуулукту колдонууга мүмкүн болбой жатат.

Станциянын кубаттуулугу боюнча көрсөткүчтөр

120МВт биринчи агрегаттын кубаттуулугу
90МВт учурдагы максималдуу берүү
360МВт жалпы долбоордук кубаттуулук

Курсантбек Омурбековдун айтымында, аба линияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү станциянын орнотулган кубаттуулугун толук пайдаланууга жол бербей жатат.